Мэрия таштанды сорттогон завод куруу үчүн тендер жарыялады

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүЗавод по переработке отходов в Подмосковье
Завод по переработке отходов в Подмосковье  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер эки этаптан турат.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы таштанды сорттогон завод куруу жана акыр-чикирди жер семирткичке айландыра турган аянтча салуу үчүн тендер жарыялады.

Всероссийский экологический субботник - Sputnik Кыргызстан
Нарындан көчүп келген аксакал көп кабаттуу үйдүн тегерегин тазалап сыйланды. Сүрөт
Маалыматка караганда, тендер эки этаптан туруп, биринчи этапта техникалык сунуштар гана кабыл алынат. Анда баа көрсөтүлбөйт. Экинчи этапта техникалык сунуштар жаңыланып, тапшырык берген тараптын сунуш-пикирлери камтылат.

Тендердин биринчи этабына катышуу үчүн сунуштар 7-июнга чейин берилиши кажет. Ал эми экинчи этабында берилген сунуштар 150 миң евро менен милдеттүү түрдө кепилдениши зарыл.

Долбоордун жалпы суммасы 22 миллион еврону түзөт, анын 11 миллиону грант, калганы 20 жылга эки пайыз менен насыя катары берилет.

Белгилей кетсек, полигонду 2017-жылы куруп бүтүрүү пландалган, бирок анын мөөнөтү үч жолу жылдырылып, курула турчу жер да так белгиленген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0