Жогорку Кеңеште уран казууну 50 жылга чейин токтотуу сунушталды

© Sputnik / Эмиль СадыровУрановые шахты близ Майлуу-Суу
Урановые шахты близ Майлуу-Суу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта мыйзам долбоору даярдалды.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов парламенттин жыйынында өкмөт уран маселеси боюнча өзүнүн комиссиясын түзүүдө кечигип калганын, ал комиссия кандай тыянак чыгарса да уранды иштетүүнү токтотуу керектигин айтты.

Депутаттын айтымында, уран казуу жараталышка, аймакка жана келечек муунга зыян алып келе турганына токтолду. Андан сырткары, учурунда изилдөө, чалгындоо иштерине лицензия бергендердин жоопкерчилигин кароону сунуштады.

"Уранды чалгындоого, изилдөөгө лицензияларды ким берген? Кайсы мезгилде берилген? Ушунун баарын тең дыкат иликтеп чыгып, жоопко тартуу керек. Бүгүн, мына, изилдөөгө лицензия бергендер митинг уюштуруп жатышат. Ошолордун жүзүн элге көрсөтүү керек. Булар мамлекетти ойлоп жатабы же өздөрүнө пиар кампанияларын жүргүзүп жатабы?" — деп суроо салды эл өкүлү.

Өмүркулов ошондой эле Кумтөр, Майлуу-Суу жана башка уулуу заттар турган жерлердин маселеси эле Кыргызстанга жетиштүү экенин кошумчалады.

Кыргызстандагы радиоактивдүү металлдар - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы жеринде уран чыгат. Радиоактивдүү карта
Өз кезегинде депутат Алтынбек Сулайманов кесиптештери Алмамбет Шыкмаматов, Канат Керезбеков болуп Кыргызстанда уран өндүрүүнү, чалгындоону 50 жылга токтотуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатканын айтты.

"Эмне үчүн 50 жыл? Анткени "элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы" дейт. Элүү жылдан кийин биздин балдарыбыз узартабы же жаңы технологиялар менен иштетеби, өздөрү чечет", — деди ал.

Талкуу учурунда Өмүркулов да уранга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун колдой турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0