Кытайдын Кыргызстан аркылуу өтчү газ куурунун орду такталып бүтүп калды

© Sputnik / Табылды КадырбековГаз түтүгүн куруу иштери. Архив
Газ түтүгүн куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүчү газ түтүгүнүн жалпы узундугу болжол менен 215 чакырымды түзөт.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев Кытайдын SINO-Pipeline International Company Limited компаниясынын башкы директору Мэн Фанчунь менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер Мухаммедкалый Абылгазиев Кытайдын SINO-Pipeline International Company Limited компаниясынын башкы директору Мэн Фанчунь менен жолугушту
Кытайдын Кыргызстан аркылуу өтчү газ куурунун орду такталып бүтүп калды - Sputnik Кыргызстан
Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев Кытайдын SINO-Pipeline International Company Limited компаниясынын башкы директору Мэн Фанчунь менен жолугушту

Анын жүрүшүндө "Борбор Азия — Кытай" магистралдык газ түтүгүнүн негизги бөлүгү катары саналган "Кыргызстан — Кытай" газ түтүгүнүн курулуш долбооруна тийиштүү маселелер талкууланды.

Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүчү газ түтүгүнүн жалпы узундугу болжол менен 215 чакырымды түзөт. Ал жылына 30 миллиард метр куб газды өткөрө алат. Түтүк Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондору аркылуу өтөт.

Работа обменных бюро в Бангкоке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга түз келген инвестициянын саны кыскарды. Графика
Мэн Фанчунь долбоордун ишке ашырылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Анын ичинен айыл чарба жана токой чарба жерлерин алуудан келтирилген чыгымдын ордун компенсациялоо, газ түтүгү кеткен трассанын боюндагы жер тилкелерин бөлүү жана трансформациялоо процесстеринин жыйынтыкталып жаткандыгы тууралуу айтып берди.

Премьер жогорудагыдай биргелешкен маанилүү жана өз ара пайдалуу долбоорлорду келечекте биргелешип ишке ашыруу, эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрү ортосундагы кызматташтыктын кеңейишинин өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Андан сырткары, "Кыргызстан — Кытай" газ түтүгүнүн курулушу Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң мааниге ээ экенин айтты. Муну менен катар долбоор өз мөөнөтүндө жана бардык экологиялык, техникалык ченемдер так сакталып, сапаттуу курулат деген ишенимин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0