Жээнбеков Германияга чогуу ветеринардык лаборатория салууну сунуштады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОфициальным визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Германию
Официальным визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Германию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен ВСП+ статусун алган жалгыз мамлекет.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Германияга Кыргызстанда фитосанитардык жана ветеринардык лаборатория салууну сунуштады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Учурда Жээнбеков Германияда расмий сапары менен жүрөт.

"Бүгүнкү күнү Кыргызстандын айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөр Европанын жана башка дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн азыктын сапатын ырастай турчу кымбат сертификаттарды алууга аргасыз. Кыргызстанда биргеликте фитосанитардык жана ветеринардык лаборатория салууга чакырам", — деди мамлекет башчысы Мюнхендеги кыргыз-немис бизнес-форумунда.

Жээнбеков ошондой эле Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен ВСП+ статусун алган жалгыз мамлекет экенин кошумчалады.

Мамлекет башчысынын расмий сапары 15-апрелде башталып, 16-апрелге чейин созулмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0