64 млрд. доллар! Казакстан менен Кытай бажыларынын маалыматындагы айырма

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүЧек арада кезекте турган жүк ташуучу унаалар. Архив
Чек арада кезекте турган жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын өкүлдөрү Кытайдан Кыргызстанга көмүскө импорт бар экендигин байма-бай айтып келишет. Sputnik Кыргызстандын редакциясы Казакстанга кытай товарларынын ташылышы боюнча коңшу мамлекеттердин бажы көрсөткүчтөрүн салыштырып чыкты. Жыйынтыктар таңгалдырбай койбойт.

Соңку бир жарым жылда Казакстан менен болгон чек арабызда эки ирет көйгөй жаралды. Чыныгы себептерин талашып-такташсак да жарашмак, бирок казак тарап Кыргызстанды көмүскө импортко айыптайт.

2017-жылы боордош мамлекеттин ошол кездеги премьери Бакытжан Сагинтаев Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар айлантуунун көлөмү боюнча маалыматтарда олуттуу айырмачылыктар жана көмүскө импорт туурасында маселени көтөргөн. Бул жөнүндө ал ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын 25-октябрдагы жолугушуусунда айткан. Дал ошол тушта кыргыз-казак чек арасында бажы тиреши күч алып турган эле.

Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Кытайдан кантип көз каранды болду. Экономика тууралуу фактылар
Андай көйгөй быйыл марттын аягы жана апрелдин башында кайра кайталанды. Албетте, мурдагы жолкуга караганда азыраак, ага жараша коңшу тараптын билдирүүлөрү да баштагыдай курч болгон жок. Чек арада эл керектеген товарлар жүктөлгөн 200дөн ашуун фуралар топтолду. Казак тарап товарды коштоочу документтерде жалган маалыматтар орун алганын көзгө сая көрсөтүп, кеп кытай жана түрк өндүрүшүндөгү товарлар жөнүндө экендигин белгилеген.

Ошентип кошуна өлкөнүн расмий бийлик өкүлдөрү да, жалпыга маалымдоо каражаттары да Кытайдан Кыргызстанга көмүскө импорт бар экенин кайра-кайра айтып келген.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы Казакстан менен Кытайдагы бажы статистикасын салыштырып көрүүнү чечти. Анүчүн биз БУУ жана Дүйнөлүк соода уюмуна караштуу Эл аралык соода борборунун (ITC) маалыматтарын пайдаландык. Анын сайтында ар бир өлкөнүн бажы көрсөткүчтөрүн салыштырууга болот.

Бир нече эсе айырма

Кытайдан Казакстанга 2004-жылдан 2018-жылга дейре жөнөтүлгөн экспорттун көлөмү (миллиард доллар түрүндө)
64 млрд. доллар! Казакстан менен Кытай бажыларынын маалыматындагы айырма - Sputnik Кыргызстан
Кытайдан Казакстанга 2004-жылдан 2018-жылга дейре жөнөтүлгөн экспорттун көлөмү (миллиард доллар түрүндө)

Кытайдан Казакстанга экспорт жана КЭРден коңшу мамлекетке импорт деген нерсе маңызында бир эле түшүнүк, көрсөткүчтөр бири-бирине төп келбесе да, жок дегенде окшош болуусу кажет. Бирок Эл аралык соода борборунун сайтындагы маалыматка таянуу менен эки өлкөнүн маалыматтарында айырма эбегейсиз экенин аныктадык. 

Кытайдан Казакстанга 2004-жылдан 2018-жылга дейре жөнөтүлгөн товардын жалпы көлөмү (миллиард доллар түрүндө)
64 млрд. доллар! Казакстан менен Кытай бажыларынын маалыматындагы айырма - Sputnik Кыргызстан
Кытайдан Казакстанга 2004-жылдан 2018-жылга дейре жөнөтүлгөн товардын жалпы көлөмү (миллиард доллар түрүндө)

Эгер 2004-жылдан 2018-жылга чейинки көрсөткүчтөрдү санап чыксак, айырма 64 миллиард доллардын тегерегин түзөт: 130,6 жана 66,6 миллиард.

Казакстандын мамлекеттик органдарында көрсөткүчтөр кандай?

ITC менен Казакстандын Кытайдан келген импорт боюнча маалыматын салыштыруу
64 млрд. доллар! Казакстан менен Кытай бажыларынын маалыматындагы айырма - Sputnik Кыргызстан
ITC менен Казакстандын Кытайдан келген импорт боюнча маалыматын салыштыруу

ITС статистикасын тыкыр текшерип чыгуу үчүн биз андагы сандар менен Казакстандын Каржы министрлигинин тышкы соода боюнча Мамлекеттик киреше комитетинин маалыматтарын салыштырдык. Мындан көрүнүп тургандай эле Казакстанга кытай импорту боюнча ITC маалыматтары коңшу өлкөнүн расмий көрсөткүчтөрүнөн дегеле айырмаланбайт.

Эл аралык соода борборунда мамлекеттик кирешелер комитетинин маалыматтарына салыштырмалуу импорттун көлөмү 142 миллион долларга көп көрсөтүлгөн.

Натыйжада үлкөн өлкөнүн коңшу мамлекетке экспорту боюнча ITC маалыматы Казакстан кеп кылган көмүскө импорт туурасында ой туудурбай койбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0