Кепилдик фондулары тууралуу жаңы мыйзам ишке кирет. Президент кол койду

Жазылуу
Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып азыркы колдонуудагы документ күчүн жоготот.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 7-мартында кабыл алынган.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан бизнес боюнча дүйнөлүк рейтингде жети позицияга көтөрүлдү
Аталган документ ишкерлердин кредит алуу жолдорун жеңилдетип, насыячылардын укугун коргоо боюнча кепилдиктердин күчөшүн шарттайт. Кепилдик фондусу чакан жана орто ишкердик субъектилери үчүн бизнести өнүктүрүүгө, өндүрүштү кеңейтүүгө, негизги каражаттарды сатып алууга жана модернизациялоого болгон мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет. Жаңы технологияларды ишке киргизүүгө жана жаңы ишканаларды ачууга кепилдик берип каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып колдонуудагы документ күчүн жоготот. Жаңы мыйзам расмий жарыяланган мезгилден 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0