Кыргызстан бизнес боюнча дүйнөлүк рейтингде жети позицияга көтөрүлдү

© AFP / PATRICK LINАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
kyrgyzstan-biznes-rejting Doing Business докладында 190 өлкөдөгү бизнес жүргүзүү жана инвестициялык климаттын абалы иликтенет.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк банк тарабынан түзүлгөн Doing Business — 2019 рейтингинде Кыргызстан өз позициясын жогорулатты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстан өткөн жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу жети позицияга жогорулаган. Тагыраагы, 190 өлкөнүн ичинен 70-орунга чыкты.

Денежная база Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Коррупция менен күрөшүүдө былтыр мамлекетке канча акча түшкөнү айтылды
Doing Business докладында 190 өлкөдөгү бизнес жүргүзүү жана инвестициялык климаттын абалы иликтенет.

Эске салсак, өкмөт 2019-жылдын 1-январынан тарта ишкерлик субъектилерин текшерүүгө мораторий киргизген.

Баса, кыргызстандык жаш ишкер, "Азиянын экоазыктары" компаниясынын негиздөөчүсү Дастан Өмүралиев Forbes Asia журналынын Азия чөлкөмүндөгү келечегинен көптү үмүттөндүргөн 30 жашка чейинки ишкерлердин тизмесине кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0