Былтыр туризмден бюджетке 107 миллион сом түштү

Жазылуу
Вице-премьер өкмөттүн алдында туризмди экономиканын бюджет түзүүчү негизги тармактарынын бири кылуу милдети турганын айтты.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. 2018-жылы туризмден республикалык бюджетке салык катары 107 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялоо боюнча жыйында билдирди.

"Былтыр Кыргызстанга 107 миллион чет элдик келип, туризмдин ички дүң продукциядагы үлүшү 4,99 пайыз болду. Ал эми бюджетке салык катары 107 миллион сом түштү",  — деди Өмүрбекова.

Вице-премьер өкмөттүн алдында туризмди экономиканын бюджет түзүүчү негизги тармактарынын бири кылуу милдети турганын айтты.

Бул багытта биринчиден инфраструктураны өркүндөтүү маселеси турганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0