Улуттук банктын валюта резерви күн сайын жарым миллион долларга өскөн

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн айда Улуттук банк сомдун наркын жөнгө салуу үчүн валюта рыногуна чыккан эмес.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Март айында Кыргызстандын алтын валюта резерви 16 миллион 660 миң долларга көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.

Өткөн айда Улуттук банк сомдун наркын жөнгө салуу үчүн валюта рыногуна чыккан эмес.

Работа Национального банка КР - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын ишин сынга алды
Февралдын аягында алтын валюта резерви 2 миллиард 180 миллион 490 миң доллар деп бааланган. Бир айдан кийин анын наркы 2 миллиард 197 миллион 150 миң долларды түздү.

Кыргызстандын эл аралык валюта резерви ондон ашык түрдүү валютадан жана алтындан турат. Алар эл аралык эсептешүүдө, дефицитти жабууда жана улуттук валютанын курсун турукташтырууда колдонулат.

Улуттук банктын резерви кайсы өлкөнүн валютасынан турарын бул жактан окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0