Коррупция менен күрөшүүдө былтыр мамлекетке канча акча түшкөнү айтылды

Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик бийликти алдым-жуттумдардан тазалоо ишинде эч качан компромисс болбой турганын белгиледи.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, коррупциянын тамырын кыюу боюнча жасалып жаткан аракеттердин жыйынтыктарына токтолду.

XI съезд судей Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: бир ууч топко кызмат кылам деп убада берген эмесмин
Мамлекет башчынын айтымында, 2018-жылы коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында 5,7 миллиард сомго жакын каражат жана мүлк мамлекетке кайтарылган.

Жээнбеков, андан сырткары, коррупция менен күрөшүү, укук коргоо жана сот органдарын, жалпы мамлекеттик бийликти алдым-жуттумдардан тазалоо ишинде эч качан компромисс болбой турганын белгиледи.

Ошондой эле президент экономиканын абалына токтолуп, тышкы жана ички инвесторлор үчүн жагымдуу мыйзам базасы түзүлгөнүн айтты. Ошону менен бирге айылдарды өнүктүрүү үчүн түзүлүп жаткан чакан фонддор тууралуу да кабары бар экенин жана аны колдой турганын билдирди.

"Азыркы учурда айрым айыл, район, айыл өкмөттөрдө жергиликтүү фонддор түзүлүп, элетти өнүктүрүү боюнча алгылыктуу иштер жасалып жатканынан кабарым бар. Элетке инвестиция тартуу боюнча жер-жерлерде кыймыл башталды. Бул багытта жаңы элемент — кичи мекенине көмөк көрсөтүү максатында түзүлүп жаткан фонддор. Мына ушул тажрыйбаны бардык айылдарга жайылтууга чакырам", — деди Жээнбеков.

Президент ошондой эле ички ресурстарды, жаштардын жаратмандык энергиясын туура пайдалануу менен элетти көтөрүп кетүү толук колдон келе турганын айтты.

Мамлекет башчынын парламентте сүйлөгөн кебин Sputnik агенттигинин видеосунан көрүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0