Кыргызстандын чет жактагы элчиликтерине быйыл канча акча бөлүнгөнү айтылды

Жазылуу
Депутаттар "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда карашты.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандын чет жактагы элчиликтерин каржылоого 2019-жылы 164 миллион сом каралды. Бул тууралуу экономика министри Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Бүгүн депутаттар "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда карашты.

Мыйзам долбоору менен Жогорку Кеңештин сайтынан таанышсаңыздар болот.

Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтындагы маалымат боюнча учурда (2019-жылдын 10-апрелине карата) Кыргызстандын чет жакта 27 элчилиги бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0