Бишкекте кандай батирлер арзандады? Кыймылсыз мүлк рыногуна саресеп

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүКалькулятордо турган оюнчук үй. Архив
Калькулятордо турган оюнчук үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын кыймылсыз мүлк рыногунда бул көктөмдө абал кандай? Батир жана там-таш баасы өзгөрдүбү? Борбор калаада турак жайдын бир чарчы метри канча турат? Бул соболдорго жоопту Sputnik Кыргызстандын макаласынан таба аласыздар.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкектиктердин кыймылсыз мүлк сатып алуу активдүүлүгү басаңдай түштү. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлк укугун каттоо департаментинен кабарлашты.

Былтыркы жылдын март айына салыштырмалуу үй жана батир сатуу, сатып алуу келишимдеринин көлөмү 13 пайызга төмөндөдү. Мекемедегилер бул республика боюнча турак жай баасына кандай таасир эткенин аныкташкан.

Бишкектеги батир баалары

Өткөн жылдын март айына караганда быйыл борбордо батир сатуу-сатып алуу келишими сегиз пайызга азайган. Бирок баш калаадагы кыймылсыз мүлктүн чарчы метринин орточо баасы эски батирлер рыногунда беш пайызга жогорулап, 767 долларды түздү. Мындай баалар жеке типтеги, 104 жана 105-үлгүдөгү батирлерге, ошондой эле "хрущевкаларга" тиешелүү.

Президент Сооронбай Жээнбеков принял председателя ГИК Бактыбека Шамкеева - Sputnik Кыргызстан
Пайызды азайтып, 30 млн. евро алуу. Жээнбеков ипотека маселесин талкуулады
Ошентип быйыл жазда бир бөлмөлүү батирлердин чарчы метрин бишкектиктер 772 долларга сатып алышты, бул көрсөткүч былтыркыга караганда бир азга көбүрөөк. Бир бөлмөлүү батирлердин орточо баасы быйыл март айында 29 530 долларды түздү.

Эки бөлмөлүү батирлер бир аз гана арзандап, чарчы метри ушул тапта 730 доллар турат. Борбор калаанын тургундары бул айда эки бөлмөлүү батирлерди 40 500 долларга сатып алышты. Былтыркыга салыштырмалуу бул үч пайызга арзан.

Үч бөлмөлүүлөрдүн чарчы метринин баасы жети пайызга көтөрүлүп, 753 долларга чыкты. Буга карабастан, мындай типтеги турак жайдын жалпы наркы азыраак арзандап, 57 миң долларды түзүп калды.

Төрт бөлмөлүү батирлер бир пайызга кымбаттап, мындай турак жайдын чарчы метри 13 пайызга өсүп, азыр 807 доллар турат. Мындай типтеги батирди бишкектик тургун 82 340 долларга сатып алган.

МКК беш бөлмөлүү батир бааларын да карашкан. Былтыркы жылга караганда алар 21 пайызга арзандап, азыр наркы 145 100 долларды түзөт. Ошентсе да андай типтеги батирлердин чарчы метринин баасы алты пайызга төмөндөп, 842 долларды түздү.

Бишкектеги турак үйлөрдүн баалары

Шаар тургундары батирлерди гана тургай, турак үйлөрдү да сатып алышы сейректеди. Сатуу-сатып алуу келишимдеринин көлөмү 27 пайызга төмөндөгөн!

Мындай жагдай турак жайдын наркына да таасир этти. Эми тамдын бир чарчы метри 47 529 сомду түзүп, былтыркы мартка караганда 12 пайызга төмөндөдү. Доллар түрүндө баасы 2018-жылга салыштырмалуу 14 пайызга ылдыйлады.

Ошентип Бишкектеги жер үйлөр 12 пайызга арзандады. Эгер былтыр март айында алардын орточо наркы 63 220 доллар турса, азыр 55 860 долларга чейин төмөндөдү.

Кыргызстандагы жер үйлөрдүн баалары

Быйылкы көктөмдө Ошто кыймылсыз мүлктү сегиз пайызга көбүрөөк сатып ала башташты. Ошентсе да өсүш батир сатуу-сатып алуу келишимдеринин эсебинде гана катталган. Ошол эле учурда жеке үйлөр былтыркыга караганда сейрек сатылууда.

Ош шаарынын жеке сектордогу үйлөрдүн чарчы метринин орточо баасы 544 долларды түзүп, 2018-жылдагы көрсөткүчтөрдөн үч пайызга азыраак болду. Бирок төмөндөшү доллар түрүндөгү жалпы баасына гана чагылып, сом түрүндө баа жарым пайызга көтөрүлгөн.

Былтыркы мартка караганда Таластагы жеке сектордогу үйлөрдүн чарчы метри 34 пайызга көтөрүлүп, ушул тапта 223 доллар турат. Облус борборунда турак жайдын жалпы баасы 29 пайызга өстү.

Нарында жеке үйдүн чарчы метри 19 пайызга кымбаттап, быйыл мартта 262 долларга жетти. Бул калаада турак жай баасы эки пайызга жогорулады.

Зарплата в КР - Sputnik Кыргызстан
Казыналык I кварталда бөлүнгөн 27 млрд. сомдун кайда жумшалганын айтты
Ушундай эле көрүнүш Жалал-Абадда да байкалат, ал жакта үйдүн чарчы метри 21 пайызга кымбаттап, азыр 302 доллар турат. Мындай өсүшкө карабай, облус борборунда турак жай төрт пайызга арзандады.

Караколдо да жер тамдын чарчы метринин баасы көтөрүлүп, быйыл жазда анын баасы 245 долларды түздү. Бул былтыркы баадан жети пайызга жогору. Жалпысынан Караколдо мындай типтеги турак жай эки пайызга көтөрүлдү.

Ал эми Баткенде жеке типтеги үйлөр 33 пайызга төмөндөдү. Ошентсе да бул шаарда турак жайдын чарчы метри 74 долларды түзүп, былтыркы көрсөткүчтөргө караганда 21 пайызга аз болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0