Мигранттар 2018-жылы мекенине эң көп акча жөнөткөн

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүРоссия рубли. Архив
Россия рубли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Которуулардын көбү кирешеси төмөн болгон мамлекеттерге жасалган.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Былтыр түрдүү мамлекетте иштеп жүргөн эмгек мигранттары мекенине рекорддук көлөмдөгү акча которгон. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын отчетунда айтылат.

Россиянын ФМС кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда "миграциялык мунапыска" туш келген жарандардын тизмеси жарыяланды
Банктын адистеринин эсептөөсү боюнча жалпы мигранттардын которгон  суммасы 689 миллиард долларды түзгөн. Бул өз кезегинде 2017-жылга салыштырмалуу 9,6 пайызга көп. Которуулардын көбү кирешеси төмөн болгон мамлекеттерге жасалган.

Европа менен Борбордук Азияга болгон акча которуулар 11 пайызга көбөйүп, 59 миллиард долларды түзгөн. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча бул аймактагы мамлекеттердин ичинен Украинага көп акча келген. 2018-жылы бул мамлекетке 14 миллиард доллар (2017-жылга караганда 19 пайызга көп) которулган. Андан сырткары, Россиядан Кыргызстанга, Тажикстанга жана Өзбекстанга болгон которуулар өз калыбына келген.

"Акча которуулардан көбүрөөк көз каранды болгон Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан үчүн Россия менен экономикалык байланыштардын калыбына келиши пайдалуу болду", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Улуттук банкынын ачык маалыматтары боюнча былтыр мигранттар өлкөгө 2 миллиард 685 миллион 270 миң доллар которгон. Бул каражаттын 2 миллиард 638 миллион 350 миңи Россиядан келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0