Министр Мурашев картошка 9 сомго чейин көтөрүлгөнүн айтты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМинистр сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации КР Нурбек Мурашев
Министр сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации КР Нурбек Мурашев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чиновник бүгүн Facebook аркылуу түз эфирге чыгып, элдин суроолоруна жооп берди.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Ысык-Көл менен Нарын облустарында картошканын баасы жогорулап, 8-9 сомго чейин жеткенин билдирди.

Министр бүгүн Facebook аркылуу түз эфирге чыгып учурдагы кырдаал боюнча маалымат берип, элдин суроолоруна жооп берди.

"Чынында быйыл картошка боюнча көйгөй жаралды. Бирок учурда баа жогорулап 8-9 сомго чейин көтөрүлгөнү байкалууда. Чет мамлекеттен келип Ысык-Көл менен Нарындан алып кетип жатышат. Журналист жигит келип  картошка чирип кеткени боюнча айткан эле. Мен кайсы дыйкандын картошкасы чириген болсо өзүм жардам берейин дегем. Бирок андай көйгөй болгон жок. Негизи эле алган түшүмдүн 10 пайызы бузулат. Бардык жерде ошондой", — деди Мурашев.

Мындан сырткары, ал быйыл Кыргызстанда 81 200 гектар жерге картошка эгилгенин белгиледи. Бул былтыркыга салыштырмалуу 2800 гектарга аз. Кыскартуулар Ысык-Көл менен Нарын облусунда болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0