БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы кечээ валюта рыногуна 22,8 миллион доллар сатты. Бул тууралуу аталган банктын сайтына жарыяланды.
Бул үстүбүздөгү жыл ичиндеги экинчи интервенция. 16-январда 18,8 миллион доллар сатылган.
Улуттук банк доллардын курсун кармап туруш үчүн чет элдик валютаны рынокко сатып турат. Анткен менен 3-апрелден бери доллардын наркы 69 сом 85 тыйындын чегинде. Ал эми 26-марттан 3-апрелге чейин 11 тыйынга кымбаттады.
Valuta.kg порталындагы маалыматка караганда, 31-марттан бери доллардын баасы 2-5 тыйынга өскөн.