Кыргызстанда виртуалдык кассалык машиналар ишке кирет. Учурда алар сыналып жатат

Жазылуу
Эгер токтом кабыл алынса, кассалык машиналар 1-июндан 31-августка чейин сынамык режимде иштей баштайт.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстанда виртуалдуу көзөмөлдөөчү кассалык машиналарды ишке киргизүү пландалып жатат. Өкмөттүн токтомунун долбоору Экономика министрлиги тарабынан коомдук талкууга коюлду.

Эгер ал кабыл алынып калса, кассалык машиналар 1-июндан 31-августка чейин сынамык режимде иштей баштайт.

Андыктан бийлик салыкчыларга маалыматты онлайн-режиминде кабыл алуу канчалык пайдалуу болорун билип көрүшмөкчү.

Сдача Единой налоговой декларации в КР - Sputnik Кыргызстан
Бирдиктүү декларация кантип толтурулат. Салык кызматы көрсөтүп берди
Министрликтен билдиришкендей, 2018-жылы 13-апрелде Салык кодексине виртуалдык көзөмөлдөөчү кассалык аппараттар жөнүндө толуктоолор киргизилген. Ага ылайык, атайын аппарат менен чогуу тийиштүү программа орнотулган смартфон менен компьютерлерди да колдонууга болот.

Экономика министрлигинен кабарлашкандай, салыкчылардын талабын канааттандыра турчу жаңы кассалык аппараттарды орнотуу ишкерлердин моюнунда. Онлайн-режимде маалыматтарды бере турчу аппараттардын минималдык баасы 10 миң сомдон жогору турат.

Ошол эле учурда сынамык учурунда аппараттар бекер берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0