Пайызды азайтып, 30 млн. евро алуу. Жээнбеков ипотека маселесин талкуулады

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Сооронбай Жээнбеков принял председателя ГИК Бактыбека Шамкеева
Президент Сооронбай Жээнбеков принял председателя ГИК Бактыбека Шамкеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда ипотекалык насыялоо системасы, анын ичинде "Арзан турак жай - 2015-2020" программасын ишке ашыруунун жолу тууралуу сөз болду.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрагасы Бактыбек Шамкеевди кабыл алганын өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда ипотекалык насыялоо системасы, анын ичинде "Арзан турак жай - 2015-2020" программасын ишке ашыруу талкууланды.

Жээнбеков кошумча ресурстарды табуу жана сырттан инвестицияларды тартууну, ошондой эле кошумча каражаттын эсебинен бюджеттик ссуданы көбөйтүүнү сунуштады.

Мамлекет башчысы ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жана сатуу боюнча ишти активдештирүү, капиталдаштыруунун деңгээлин 600 миллион сомго жеткирип, эконом-класстагы көп кабаттуу үйлөрдү куруу программасын ишке ашыруу боюнча негизги иш-чараларды аныктоо зарылдыгын белгиледи.

"Арзан турак жай - 2015-2020" социалдык программа болуп саналат. Насыя берип жатканда өзгөчө айыл жеринде жашаган элдин төлөө жөндөмдүүлүгүн эске алыш керек", — деди Жээнбеков.

Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Парламентте Мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчилеринин айлыгы айтылды
Шамкеев маалымдагандай, 2019-жылдын 1-апрелине карата 14 өнөктөш банк аркылуу 4,6 миллиард сомдон ашык 4080 насыя берилди. Натыйжада 16 миңге жакын жаран турак жай менен камсыз болгон. Бүгүнкү күндө пайыздык чен 7-9га чейин кыскартылган, эми 6 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча иштер жүрүүдө.

Маалыматка ылайык, Немец өнүктүрүү банкы жана Финансы министрлиги менен 20 миллион еврого келишимдер түзүлүп, алар Кыргызстандагы ипотекалык насыялоону колдоого багытталмакчы.

Ал эми Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр каржылоо долбоорун иликтөө жана даярдоо баскычында жүрүп жатат. Жакын арада банктын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, компанияны баалап, анын жыйынтыгы менен 30 миллион евролук келишимдерге кол коюуга даярдыктар башталат. Ошол эле маалда башка дагы эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0