Өкмөт мыкты экспортчуларды аныктоо үчүн сынак жарыялады

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВосьмая кыргызско-российская межрегиональная конференция
Восьмая кыргызско-российская межрегиональная конференция - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынактын максаты — Кыргызстандан продукцияларды экспорттоого жардам берип, атамекендик ишкерлерге колдоо көрсөтүү.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. КР өкмөтү менен Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги "Кыргызстандын мыкты экспорттоочусу – 2019" улуттук сынагын жарыялап, ага экспортчуларды катышууга чакырат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ситуация на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Экономика министрлиги ЕЭКтеги министрлерди чакыртып алууну сунуштады
Сынактын максаты — Кыргызстандан продукцияларды экспорттоого жардам берип, атамекендик ишкерлерге колдоо көрсөтүү.

Ал эми милдетине мыкты экспорттоочу компанияларын аныктоо, чет элдик кардарларга алар тууралуу маалымат жеткирүү, Best Exporter of the Kyrgyz Republic брендин жайылтуу кирет.

Сынакка Кыргызстанда катталган бардык экспортчулар катыша алат.

Документтер топтому жана кошумча маалымат www.export.gov.kg сайтында жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0