Кыргызстан менен Россиянын кызматташуусун уюштуруучу комитет тескейт

Жазылуу
Комитет бардык чөйрөдөгү иш-чаралардын планын иштеп чыкмакчы.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү үчүн каралган иш-чаралардын иш планын бекитүү максатында уюштуруучу комитет түзөт. Бул тууралуу КР президентинин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Чечим РФ президенти Владимир Путиндин 28-март күнү Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы менен кабыл алынган. Жаңы комитет Кыргызстандын Россиядагы, ошондой эле Россиянын Кыргызстандагы жылдарына арналган иш-чаралар менен алектенмекчи.

"Иш көп. Комитет бардык чөйрөдөгү, эки тараптуу кызматташуунун бардык багытында боло турган иш-чаралардын планын иштеп чыгат", — деди Сыдыков.

Белгилей кетсек, Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында 2020-жылды Кыргызстанда Россияга, ал эми Россияда Кыргызстанга арноо боюнча чечим кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0