05:02 25 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD80.6300
  • EUR95.4498
  • RUB1.0544
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары (52)
113 0 0

Комитет бардык чөйрөдөгү иш-чаралардын планын иштеп чыкмакчы.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү үчүн каралган иш-чаралардын иш планын бекитүү максатында уюштуруучу комитет түзөт. Бул тууралуу КР президентинин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Чечим РФ президенти Владимир Путиндин 28-март күнү Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы менен кабыл алынган. Жаңы комитет Кыргызстандын Россиядагы, ошондой эле Россиянын Кыргызстандагы жылдарына арналган иш-чаралар менен алектенмекчи.

"Иш көп. Комитет бардык чөйрөдөгү, эки тараптуу кызматташуунун бардык багытында боло турган иш-чаралардын планын иштеп чыгат", — деди Сыдыков.

Белгилей кетсек, Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында 2020-жылды Кыргызстанда Россияга, ал эми Россияда Кыргызстанга арноо боюнча чечим кабыл алынган.

Тема:
Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары (52)

Тема боюнча

Россияда 2020-жыл Кыргызстандын жылы болот
Путин КР ЕАЭБге мүчө болуу менен кандай артыкчылыктарга ээ болгонун айтты
Белгилер:
иш-чара, комитет, Кыргызстан, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ