Финпол атайын эсепке 30 млн. сом которду

© Sputnik / Табылды КадырбековФинансы полициясынын имараты. Архив
Финансы полициясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекеме жалпысынан өлкө казынасына 526 миллион 881 миң 859 сом кайтарган.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бирдиктүү депозиттик эсепке 29 миллион 988 миң 871 сом өлчөмүндө каражат которду. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.

Маалыматка караганда, жалпы жонунан Финполдун атайын эсепке кайтарган каражаты 526 миллион 881 миң 859 сомду түздү.

Эске салсак, атайын эсеп ачуу боюнча буйрукка президент 16-майда кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0