"Макмалдын" багы ачылабы? Инвестор 75 млн. доллар салууга белсенди

© Фото / пресс служба "Кыргыз алтын""Макмал" алтын кени. Архив
Макмал алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биргелешкен ишканадагы "Кыргыз алтындын" үлүшү 30 пайызды түзөт, ал эми "Мансон Групптун" үлүшү — 70 пайыз.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. "Мансон Групп" ишканасы "Макмал" алтын кенине 75 миллион долларлык инвестиция саларын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Кыргыз алтын" ачык акционердик коому менен "Мансон Групп" жоопкерчилиги чектелген ишканасынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлушуна байланыштуу "Макмалды" мындан ары карай иштетүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Горнорудный комбинат Макмалзолото - Sputnik Кыргызстан
Тогуз-Торону баккан "Макмал". Жабыла турган комбинаттын багын инвестор ачабы
Инвестор жогорудагы келишимди ишке ашыруу комбинатка 800 адамды ишке орноштурууну жана Тогуз-Торо районунун 1315 жашоочусун тармактык эмес ишканаларда жумуш менен камсыздоону шарттайт. "Макмалдын" Тогуз-Торо району үчүн социалдык-экономикалык маанилүүлүгүн эске алуу менен 2019-жылдын 27-мартында "Кыргыз алтын" жана "Мансон Групп" ишканасынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлган.

Бул келишимде "Макмал" алтын комбинатынын базасында биргелешкен ишкана түзүү каралган. Биргелешкен ишканадагы "Кыргыз алтындын" үлүшү 30 пайызды түзөт, ал эми "Мансон Групптун" үлүшү — 70 пайыз.

"Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков билдиргендей, мамлекеттик органдардын жана Тогуз-Торо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия "Макмал" алтын кенин мындан ары карай иштетүүгө кыйла пайдалуу шарттарды сунуштаган "Мансон Групп" компаниясын сынактын жеңүүчүсү деп тааныган.

Инвестициялык келишимге ылайык, инвестор өз каражаттарынын эсебинен геологиялык чалгындоо иштеринин жыйынтыктарын эске алуу менен 75 миллион доллар өлчөмүндө каржылоо жүргүзөт.

"Мансон Групп" ЖЧКсы алтын өндүрүүчү фабриканы эксплуатацияга берүүгө чейин жыл сайын чегерүүлөрдү ишке ашырууга же аны 10 миллион сом өлчөмүндө модернизациялоого милдеттенет, ал эми фабрика ишке берилген соң жыл сайын чегерүүлөрдүн өлчөмү биргелешкен ишканалардын жылдык дүң кирешесинин 2 пайызын түзмөкчү.

Саймалуу-Таш улуттук паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саймалуу-Таштан алтын казуу: тараза ташында тарыхый эстеликтер жана экономика
Бул келишимдин алкагында инвестор калкты жумуш менен камсыз кылууну кеңейтүү жана аймактын экономикасын өнүктүрүү үчүн бир катар ишканаларды курууну пландап жатат. Алар — сүт жана кыш модулдук заводдору, балды кайра иштетүү модулдук заводу, поликарбонат күнөскана-модулдук комплекси, май куюучу жай, дүкөн, мини-маркет, кафе, жарманке, май куюучу жай алдында эки кабат отель, үч кабаттуу мейманкана-туристтик комплекси.

Макмал — Кыргызстандагы эң эски жана эң алгачкы кен чыккан жер. Ал 1986-жылы ишке берилген. Кенди казып алуу техникалык-экономикалык негиздемелерге ылайык он жылга эсептелген. "Макмал алтын" комбинатынын которгон каражаты Тогуз-Торо районунун бюджетинин 95 пайызын түзөт.

32 жыл бою иштеген алтын иштетүүчү комбинат 2018-жылдын сентябрынан баштап жабдуулардын эскилиги жеткенине жана алтын өндүрүү азайганына байланыштуу өз ишин токтоткон.

"Өз убагында комбинат 29 миллион сом жергиликтүү бюджетке жана 50 миллион сомдун тегерегинде республикалык бюджетке чегерип турган. Жакын арада биз тиешелүү органдар жана жарандардын катышуусунда коомдук угууларды уюштурабыз. Белгилей кетсек, буга чейин жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Карапайым жашоочулар Тогуз-Торо районундагы жалгыз өндүрүштүк ишкана болуп саналган "Макмал" кенинде иштин жандануусун күтүп жатышат", – деген Тогуз-Торо районунун акими Айбек Кожошев.

"Мансон Групп" өкүлдөрүнүн айтымында, "Макмал" алтын кенин иштетүүгө сынак ачык жана айкын өткөрүлүп, бардык катышуучуларга тең жана сынактык шарттар түзүлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0