3,9 млрд. сом керек. Өкмөт кабыл алган программалардын тизмеси жана максаты

Жазылуу
Кыргыз өкмөтү ар кыл тармактарды өнүктүрүү үчүн бир нече жылга программаларды кабыл алып келет.

2019-жылдын башында эле саламаттык сактоо, туризм, экспортту өнүктүрүү багыты боюнча документтер ишке кирди. Ал кагаздардын негизинде мамлекеттик органдар ири акча каражаттарын алып, ишердүүлүгүн жүргүзөт. Программаларды жүзөгө ашыруу үчүн каражаттын көбү грант катары эл аралык донорлордон алынат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 2018-2019-жылдары кабыл алынган дымактуу программаларды тизмектеп, аларга канча каражат сарпталып жаткандыгын, кандай максаттар көздөлгөнүн карап көрдү.

Курулуп жаткан турак үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотека бюджеттен айлык албагандарга качан берилет?
Белгилей кетсек, буга чейин саламаттык сактоо тармагында эле үч улуттук программа ишке ашырылган. "Манас", "Манас таалими" жана "Ден соолук" деп аталган долбоорлорго жалпы жонунан чет өлкөлүк каржы булактарынан эле 115,9 миллион доллар жана 16 миллион евро кеткен.

Мындан сырткары, 2 миллиард 208 миллион сомдон ашык каражат жумшалган "Таза cуу" программасы дагы иштеген. Аталган программалардын кандайча ишке ашып, жыйынтыгы кандай болгону өзүнчө кеп кыла турган маселе.

"Дени сак адам — гүлдөп өнүккөн өлкө"

Өткөн жылдын соңунда кабыл алынган "Дени сак адам — гүлдөп өнүккөн өлкө" программасы 2030-жылга чейин иштейт. Өкмөт аны өз алдынча каржылай албагандыгына байланыштуу эл аралык донорлордон материалдык колдоо сураган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2019-2023-жылдар аралыгында жасала турган жумуштарга эле болжол менен 5,1 миллиард сом жумшалат, анын 38 пайызы гана өлкө казынасынан алынат. Аталган программада медициналык тез жардамды, электрондук тейлөөнү, каржылоо системасын өнүктүрүү жана лабораториялык кызматты жакшыртуу иштерине басым жасоо каралган.

"Спорттук Кыргызстан" программасы

Өз ишин 2018-жылы баштап 2022-жылы жыйынтыкталат. Спорттук объектилерди курууга, калк арасында сергек жашоо образын жайылтууга, эл аралык аренада спортчулардын жетишкендиктерин арттырууга жана айрым спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Документти ишке ашырууга үч миллион сомдон ашык каражат бөлүү болжолдонгон. Акчаны мамлекеттик бюджеттен, гранттардан жана жеке тараптардан чогултуу пландалган.

"Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо" программасы

Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Миллиондордун башын жеген ден соолук программалары. Акча кайда сарпталган?
Өкмөттүн бул программасы он жылга кабыл алынып, 2028-жылы соңуна чыгат. Алгачкы үч жылына каражат каралган эмес. Бул убакыт аралыгында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги үй-бүлөнү жана балдарды социалдык коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, балдарга карата жакшы мамиле кылуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкчү.

Туризмди өнүктүрүү программасы

Бул программа жыл башында төрт жылга кабыл алынды. Анын алкагында эс алуучуларга ыңгайлуу шарт түзүп берип, авиакаттамдарды көбөйтүү, туристтик объектилердин электрондук реестрин, картасын иштеп чыгуу, "Кыргыз Туризм" мамлекеттик ишканасын түзүү, электрондук виза берүүнүн жол-жобосун жакшыртуу өңдүү 50гө жакын иш-чара бекитилген. Документти ишке ашыруу үчүн өлкө казынасынан быйыл 3,5 миллион сом жарнамага бөлүндү. Ошондой эле мамлекеттик ишкананы ачууга 50 миллион сом каралган. Бирок мамлекеттик органдар кошумча донорлордун да колдоосуна муктаж экендигин жашырбайт.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасы

Документ 2018-жылы беш жылга кабыл алынган. Аны аткаруу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине жүктөлгөн. Программада элет жериндеги бийлик органдарынын ишмердүүлүгүн ачык-айкын жүргүзүү, коррупциялык тобокелчиликтерди төмөндөтүүгө басым жасоо каралган. Өлкө казынасынан атайын программа үчүн каражат бөлүнгөн эмес. Негизинен ага тиешеси бар мамлекеттик органдар өз каражаты менен тиешелүү иш-чараларды өткөрөт. Ошондой эле эл аралык донорлор өз долбоорлорунун багыттары боюнча жардам берет.

Экспортту өнүктүрүү программасы

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков 2024-жылга чейин эл таза суу менен толук камсыздалат деп сөз берди
Өкмөт 2018-жылдын соңунда үч жылга ылайыкталган дагы бир жаңы программа кабыл алган. Кыргызстандын экспорттук потенциалын жакшыртууга багытталган документте жашылча-жемиштерди кайра иштетүү, сүт, тигүү тармагына басым жасалат. Мындан сырткары, транспорттук-логистикалык инфраструктураларды түзүү, ишканалардын өндүрүшүн жогорулатуу, ишкерлерди тышкы базарга чыгууга колдоо көрсөтүү максаттары коюлган. Программага бюджеттен 3,9 миллиард сомго жакын акча бөлүү пландалган. Ошондой эле донорлук каражат дагы тартылат. Мунун аркасында сүт продукцияларын даярдоо жана кайра иштетүүнү 10 эсеге, айыл чарба тармагындагы көрсөткүчтөрдү 4 эсеге, тигүү жана текстиль тармагын 5 эсеге, өнөр жайдагы кирешени 80 миллиард сомго чейин жеткирүү, 83 миң жаңы жумуш орундарын түзүү пландалган. Экономика министрлигинин мындай дымактуу көрсөткүчтөргө канчалык жетишкендиги 2022-жылы билинет.

Калктын психикалык саламаттыгын сактоо программасы

Саламаттык сактоо министрлигинин бул программасынын 2018-2022-жылдардагы ишин аткарууга 243 миллион сомго жакын каражат кетет. Аткаруучулар эл аралык уюмдардын колдоосуна муктаж. 2030-жылы соңуна чыга турган программага суициддерди азайтуу, психикалык жактан жабыркаган бейтаптардын өмүрүн узартуу, аларга көрсөтүлгөн кызматтарды жакшыртуу максаттары коюлган.

Жогоруда тизмектелген документтерден сырткары өкмөт бир катар долбоор, стратегияларды кабыл алган. Аларды да толук кандуу ишке киргизүү үчүн бийлик өкүлдөрү чет элден каражат алууга мажбур.

Жаңылыктар түрмөгү
0