Путиндин мамлекеттик сапары учурунда кол коюлган документтер. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремония подписания документов по итогом переговоров в узком составе Сооронбая Жээнбекова и Владимира Путина в Бишкеке
Церемония подписания документов по итогом переговоров в узком составе Сооронбая Жээнбекова и Владимира Путина в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документтерге кол коюу аскердик кызматташуу, экономика, билим берүү, спорт тармагы менен дин жаатында болду.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын президенттери Владимир Путин жана Сооронбай Жээнбековдун 28-мартта сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюлду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Андан тышкары, төмөндөгү документтерге кол коюлду:

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы 2012-жылдын 20-сентябрынан Кыргыз Республикасынын аймагында Россиянын Бириккен аскердик базасынын статусу, жайгашуу шарттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы Протокол.

Жер-Үй алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин Кыргызстанда пайда боло турган ири ишканаларды атады
Аскердик-фельдъегердик-почта байланышы жаатында кызматташтык жөнүндө Кыргызстан менен Россия өкмөттөрүнүн ортосундагы Макулдашуу.

Мунай жана мунайзатты жеткирүү чөйрөсүндө кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол.

Кыргызстандын Экономика министрлиги менен Россиянын Экономика министрлигинин ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну активдештирүү боюнча өз ара иштешүү жөнүндө Меморандум.

Кыргызстандын өкмөтүнүн алдындагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) менен Россиянын интеллектуалдык менчик боюнча Федералдык кызматынын ортосундагы PatSearch патенттик издөөнүн маалыматтык-издөө системасына кирүүгө уруксат берүү тууралуу Макулдашуу.

Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлиги, "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы менен Россиянын транспорт министрлиги, "Россия темир жолдору" ачык акционердик коомунун ортосунда Кыргызстандын аймагындагы темир жол тармагын өнүктүрүү долбоору боюнча кызматташтык жөнүндө Меморандум.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Россиянын Агартуу министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандум.

Кыргызстандын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Россиянын Спорт министрлигинин ортосундагы дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндө Меморандум.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Россиянын Адамдын бакубаттуулугун жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо тармагын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын ортосундагы эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди киргизүү жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.

Государственный визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Бардык маселеде тил табыштык. Жээнбеков Путин менен жолугушуусу тууралуу
Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Россиянын Улуттар иши боюнча федералык агенттигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум.

Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети менен Россиянын "Газпром" ачык акционердик коомунун ортосундагы мунайгаз тармагындагы инвестицияга тийиштүү жол картасы.

"ВТБ банкы" менен "Группа Альянс" ААКы жана "Альянс Алтын" ЖЧКнын ортосунда кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.

Россия-Кыргызстан Өнүктүрүү фондусу менен Россиянын түз инвестициялар фондусунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.

"Астра Солар", "Хэвел" ЖЧКлары менен ВЭБ мамлекеттик корпорациясынын ортосунда продукцияларды экспорттоо жөнүндө Меморандум.

Кыргызстан менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2019-2021-жылдарга кызматташтык жөнүндө Жол картасы.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ассоциациясы менен Россиянын ректорлор союзунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.

Россия президенти Владимир Путин кыргызстандык кесиптеши Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Путин Жээнбековго: сиздин аракетиңизден улам Кыргызстанда абал туруктуу
Кыргызстандын президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы менен Россиянын президентинин алдындагы Эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө Меморандум.

Эске салсак, бүгүн, 2019-жылдын 28-мартында, Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга бир күндүк мамлекеттик сапар менен келди. Анын келишине карата Кыргызстанда эки тараптуу жолугушуулар, форумдар, иш-чаралар уюштурулду.

Мамлекеттик сапардын учурунда эмне болуп жатканын билүү үчүн Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0