Путин: кыргыз продукциясы 2020-жылдан тарта КРде сертификацияланат

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственный визит Владимира Путина в Кыргызстан
Государственный визит Владимира Путина в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун линиясы менен 300 миллион долларлык долбоор каржыланганы белгиленди.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Кыргызстандын экономикасы ЕАЭБ шартына ыңгайлашуусу үчүн Россия колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу аркылуу 300 миллион долларлык долбоорлор каржыланды. Ошондой эле чек ара бекеттери менен бажы инфраструктурасын жакшыртууга 200 миллион доллар бөлүнгөн.

"Бардык иш-аракеттер аяктагандан кийин, тагыраагы, 2020-жылы кыргыз продукциясы ЕАЭБдин техникалык регламентине дал келер-келбесин аныктоочу сертификациядан Кыргызстандын өзүнөн өтө алат", — деди Путин.

Белгилей кетсек, Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0