Путин Кыргызстанда пайда боло турган ири ишканаларды атады

Жазылуу
Россия лидери эки өлкө биргелешип дагы кандай ишканаларды ачышы күтүлүп жатканын айтып берди.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстанда күндөн энергия алып иштей турган батареялар үчүн монокристаллдык пластиналарды өндүрө турган завод ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин журналисттерге берген маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Россия лидери эки өлкө биргелешип дагы кандай ишканаларды ачышы күтүлүп жатканын айтып берди. Ошондой эле эки өлкөнүн компаниясы "Жер-Үй" алтын кенин иштетүү боюнча долбоорду иштеп чыгаарын эске салды.

"Бул долбоорго жакынкы 20 жыл ичинде 600 миллион доллар салуу пландалып жатат. Мындан тышкары, күндөн энергия алып иштечү батареялар үчүн монокристаллдык пластиналарды Кыргызстанда чыгаруу каралып жатат", — деди Путин.

Ал ошондой эле россиялык компания Кыргызстанда заманбап диоддук чырактарды жасаган жабдууларды чыгарууну көздөп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0