Ишин жаңы баштаган КР бизнесмендерине төмөнкү пайыз менен насыя берилет

© AFP / FREDRIK VON ERICHSENДыйкан. Архив
Дыйкан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө фонд тарабынан 310 миллион долларлык долбоорлор жактырылды.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу каржылоо системасына жаңы ыкмаларды иштеп чыгууну пландап жатат. Бул тууралуу аталган фонддун төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.

Ал Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарына арналган иш-чара учурунда журналисттер менен кезигип суроолорго жооп берди.

Асрандиевдин айтымында, быйыл жаңыдан иш баштаган ишкерлерге фонд тарабынан рынок баасынан төмөнкү баада насыя бериле баштайт.

"Быйыл насыяга бериле турган каражаттын көлөмүн 90 миллион долларга жеткирүүнү пландап жатабыз. Мындан сырткары, 2019-жылы каржылоонун жаңы ыкмалары кирет. Атап айтканда, стартаптарды каржылоо жана капиталга кирүү", — деди Асрандиев.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө фонд тарабынан 310 миллион долларлык долбоорлор жактырылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0