Панкратов: "Кыргызстанда жасалган" бренди жасалмалана баштады

Жазылуу
Жасалмаланып жатканы тууралуу факт Кыргызстандын товарына суроо-талап күч экенин айгинелейт.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Текстиль продукциясын өндүргөндөрдүн айрымдары "Кыргызстанда жасалган" брендин жасалмалай баштады. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Панкратов "Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" аттуу Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциясына катышып жатат. Sputnik радиосу иш-чараны түз алып берүүдө.

Министрдин айтымында, жасалмалоо фактысы Кыргызстандын товарларына кызыгуу, суроо-талап күч экенин айгинелеп турат.

"Биз Кыргызстан КМШнын "тигүүчү машинасы" дегенди мекендештерибизден эле эмес, ЕАЭБдеги чиновниктерден жана россиялык кесиптештерибизден да угуп жатабыз. Биздин товардын артыкчылыгы баа менен сапаттын төп келишинде", — деди Панкратов.

Экономика министри экспортко басым жасалганына карабастан өндүрүлгөн товар жергиликтүү рыноктун да басымдуу бөлүгүн ээлей турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0