Кыргызстан тыгыз кызматташкан Россиянын аймактары. Тизме

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүСанкт-Петербург шаары. Архив
Санкт-Петербург шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министри айрым региондор менен соода-сатык мамилесин жолго коюп алган.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Экономика министри Олег Панкратов Кыргызстан соода байланышын түзгөн Россиянын аймактарын атады.

Эскерте кетсек, Бишкекте Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциясы өтүп жатат, ага эки өлкөнүн 500-600дөй өкүлү катышууда.

Министр айрым кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда товар айлантуу өсүп жатканын белгиледи.

"Буга чейинки конференциялардын жыйынтыгы менен Башкыртстан, Татарстан, Тюмень, Коми жана Санкт-Петербург менен жакшы мамиле түзүлгөн. Алтай жана Краснодар крайлары, Екатеринбург жана Москва менен алаканы жолго коюу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Панкратов.

Аталган конференция 27-28-мартка белгиленген. Иш-чара РФ президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болчу мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0