Кыргызстан Жер-Үй кенинен канча каражат табарын инвестор айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековРазработка месторождения Джеруй в Таласской области
Разработка месторождения Джеруй в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда көлөмү боюнча экинчи орунда турган алтын кен быйыл иштетиле баштайт.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстан Жер-Үй алтын кенин иштетүүдөн жарым миллиарддан ашык каражат таба алат. Бул тууралуу кенди иштеткен "Альянс Алтын" ЖЧКнын башкы директору Михаил Шубин "Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" аттуу Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциясында билдирди.

"Кенди иштетүүдөн 2043-жылга чейин бардык структуралар менен фонддорго 535 миллион доллардан кем эмес каражат которулат", — деди Шубин.

Вице-премьер Замирбек Аскаров - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер: Кыргызстандын ЕАЭБге кириши эң туура чечим болгон
Анын айтымында, Талас облусунда фонд түзүлүп, акыркы үч жылда ал жакка жыл сайын 100 миллион сомдон которулуп турган. Быйылтан тарта 150 миллион сомдон бөлүнөт. Бул каражаттын 40 пайызы социалдык долбоорлорго, калганы кичи жана орто бизнести насыялоого (жылдык үстөгү 8 пайыз) сарпталат.

"Долбоордун баасы — 273 миллион доллар, анын 92 миллиону жумшалды. Быйыл долбоорду ишке киргизүү үчүн дагы 180 миллион доллар бөлүүнү пландап жатабыз. Курулуш иштерин аяктоо мөөнөтү — ушул жылдын декабрь айы", — деди Шубин.

Ал ошондой эле кенди иштетүү 2019-жылдын аягында башталса, алтын өндүрүү 2020-жылдын жай айларына туура келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0