Россиялык компаниялар Кыргызстанда кичи ГЭСтерди курууга кызыкдар

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүГЭС. Архив
ГЭС. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик сапардын алкагында гидроэнергетика жаатындагы документтерге кол коюу пландалууда.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Россиялык компаниялар Кыргызстанда кичи ГЭСтерди курууга кызыкдар болууда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымына караганда, Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында гидроэнергетика жаатында кызматташуу боюнча документтерге кол коюлмакчы.

"Биз тараптан документке Инвестицияларды илгерилетүү агенттиги, ал эми экинчи тараптан Россиянын жеке компаниялары кол коет", — деди Иманалиев.

Эске салсак, Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен 28-март күнү келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0