Москвада бизнес ачуу бир себептен улам оор. Кыргызстандык ишкердин тажрыйбасы

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүЭкологическая акция "Час Земли - 2017"
Экологическая акция Час Земли - 2017 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бизнес адамдары боюнча маалыматтар топтомун түзүү абдан маанилүү. Мындай кадам алардын ишкерлик чектерин кеңейтүүгө жакшы жардамын тийгизет.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Россияда бизнес ачуунун татаал жактары тууралуу билим берүү борборлорунун жана өкмөттүн алдындагы жаштардын республикалык конгрессинин башчысы Нурсултан Кубанов айтып берди.

Ишкер Москвада бизнес ачам деп бир топ кыйынчылыктарга тушуккандыгын, ал жакта өнөктөштөрдү табуу оңой эместигин билдирди.

"Биз август айында Ысык-Көлдө биргелешкен бизнес-форум өткөрсөк дейбиз. Ал жерде кыргызстандык ишкерлер россиялык кесиптештери менен жолугуп, кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүктөр болот. Бизнес адамдары боюнча маалыматтар топтомун түзүү абдан маанилүү. Мындай кадам алардын ишкерлик чектерин кеңейтүүгө жакшы жардамын тийгизет", — деди ал.

Кубанов кыргыз-орус жаштарынын "Россия менен Кыргызстандын жаштары: кызматташтыктын жаңы кыйырлары" деп аталган эл аралык конференцияда чыгып сүйлөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0