Токтогулда мыйзамсыз алтын казган ишкерлер аныкталды

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүАлтын куймасы. Архив
Алтын куймасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы жонунан ишкана 927 миң сомдук чыгымга учураткан.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда "К" ЖЧКсы мыйзамсыз алтын казып алып жаткан. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети бул жерди иштетүүгө уруксаты бар убактылуу күбөлүктү көрсөткөнгө чейин алтын казууга тыюу салган.

Балаклавское месторождение известняка в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Алтын, күмүш, нефрит, сурьма... Чет элдиктер ээлик кылган лицензиялар
Бирок жоопкерчилиги чектелген коом ага карабай алтын казып алууну улантып, мамлекеттик бюджетке ири суммадагы зыян келтирген.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү ишканадан 927 миң сомдук чыгымды кайтарышты.

Аталган материал Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 211-беренеси ("Мыйзамсыз ишкерлик жана банктык ишмердүүлүк") боюнча иш козголду.

Учурда сотко чейинки териштирүүлөр жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0