Кыргызстандын саткан алтыны миллиарддаган долларды чапчыйт. График

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПроизводство цветных металлов в Свердловской области
Производство цветных металлов в Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтын эң аз 1996-жылы экспорттолгон.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 1995-жылдан 2018-жылдын ноябрына чейин Кыргызстан 9,6 миллиарддан ашуун долларга алтын экспорттогон.

Мекеме негизинен 1994-жылдан тарта эсеп жүргүзүп келет, бирок алтынга 1995-жылдан тарта көз салынат. Сандардын баарын доллар катары кабыл алуу керек.

Алтын эң эле аз 1995 (70 миң доллар) жана 1996-жылы (2,3 миң) сатылган. Эң көп көрсөткүч 2011-жылга туура келет. Анда миллиард долларлык алтын сыртка чыккан.

Ал эми 1995-жылдан 2018-жылдын ноябрына чейин 9 миллиард 649,1 миллион долларлык алтын сатылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0