Ямайка да 100 доллар бөлүптүр. 15 жылда кайсы өлкөдөн канча акча келди. График

© REUTERS / Gary Cameron / File PhotoБюро гравюры и печати в Вашингтоне
Бюро гравюры и печати в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистика комитети инвестициялар боюнча маалыматты 2004-жылдан бери тизмектеп келет.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Акыркы 15 жыл ичинде Кыргызстанга 150гө чукул өлкөдөн 63,6 миллиард доллар инвестиция келди.

Улуттук статистика комитети инвестициялар боюнча маалыматты 2004-жылдан бери тизмектеп келет.

Кайсы өлкөлөрдөн эң көп инвестиция келген
Ямайка да 100 доллар бөлүптүр. 15 жылда кайсы өлкөдөн канча акча келди. График - Sputnik Кыргызстан
Кайсы өлкөлөрдөн эң көп инвестиция келген

Ошол жылдан тарта 2018-жылдын аягына чейин 152 өлкө жана бир нече эл аралык уюмдардан каражат келген.

Лидерлердин үчтүгүнө Канада, Россия жана Кытай кирет.

2004-жылдан берки чет элдик инвестициялар
Ямайка да 100 доллар бөлүптүр. 15 жылда кайсы өлкөдөн канча акча келди. График - Sputnik Кыргызстан
2004-жылдан берки чет элдик инвестициялар

17 мамлекеттен 100 миллион доллардан миллиардга чейин "жардам" келген. Алардын ичинде экономикасы өнүп-өскөн Германия, Нидерланддар, Люксембург жана эмнегедир биз үчүн күтүүсүз болгон Белиз, Кипр, Сейшел сыяктуу жерлер бар.

Андан кызыгы Ямайка, Бурунди жана Парагвай 100 доллардан, Тунис, Гана жана Венесуэладан 200 доллардан инвестиция түшкөн. Непал 15 жыл аралыгында 300 доллар которсо, 400 доллардан Кения менен Мексика жөнөткөн. Уганда, Брунея жана Доминикан республикалары (ар бири) 1 миң доллардан азыраак акча жиберишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0