Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун каражаты 2019-жылы түгөнүп калбайт

Жазылуу
Уставдык фонду 500 миллион доллар болсо, 304 миллион долларлык долбоор колдоо тапкан.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун каражаты быйыл түгөнбөй турганын аталган фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев маалымат жыйында билдирди.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин өлкөнүн экономикасын модернизациялоо максатында түзүлгөн. Анын уставдык капиталы 500 миллион долларды түзөт жана ушундай эле сумманы тартуу мүмкүнчүлүгү бар.

"Каражат 2019-жылы түгөнүп калбайт. 304 миллион доллар — бул жактырылган долбоорлор. Каражат транш менен берилип, факт жүзүндө 260 миллион доллар которулду. Ошондой эле 2017-жылдан тарта насыялар кайтарылып, каражат көбөйө баштады. Себеби жеңилдик берилген мөөнөт аяктап бара жатат. Бул каражаттар 2-3 жылга жетет. Биз дагы кол куушуруп отурган жокпуз. Учурда Евразия өнүктүрүү банкы жана "Росэксимбанк" менен 50 миллион доллар жана 1 миллиард рублдик келишимге кол койдук", — деди Асрандиев.

Ал ошондой эле кезектеги 500 миллион долларды алуу маселеси күн тартибинде турганын, каражат кайсы долбоорлорго сарпталары талкууланып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0