Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу стартаптарды да каржылайт. Жол-жобосу

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир долбоорго 350 миң доллар каралган.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстанда жакынкы аралыкта стартаптарды да каржылоо каралып жатканын Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Олег Кудяков маалымат жыйында билдирди.

Дыйкандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аймактарга Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунан насыя көп бериле баштады
Аталган фонд Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине киргенде өлкөнүн экономикасын модернизациялоо үчүн түзүлгөн. Анын уставдык капиталы 500 миллион долларды түзөт.

Учурда фонд түрдүү долбоорлорду колдоо максатында 300 миллион доллар бөлгөн.

Кудяковдун айтымында, быйыл стартаптарды каржылоого миллион доллар жана коммерциялык банктар аркылуу да ушундай каражат бөлүү пландалып жатат. Шарт боюнча коюму 4 пайыз, төлөө убактысы жети жыл жана эки жыл каникул каралган. Андан сырткары, баштапкы төлөм (взнос) 15 пайыздын тегерегинде.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев миллион доллар Баткен, Талас жана Нарын облустарына бөлүнөрүн айтты.

"Бир облустагы бир долбоорго 200 миңден 350 миң долларга чейин бөлүнөт. Чакан ишкерлик менен алектенип жаткандар үчүн дагы миллион доллар өнөктөштөр менен ишке ашырылат. Мунун баары азыр пландалып жатат", — деди ал.

Асрандиев стартаптарда тобокелчиликтер көп болгондуктан бул тармакка аз сумма бөлүнүп жатканын белгиледи. Азырынча шарттары да толук тактала элек, жакын арада бардыгы даяр болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0