20:09 24 Жалган Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7419
  • EUR78.8293
  • RUB1.0936

Нарынга инвестиция салыңыз! Облустук бийлик элчилерди чакырып, маалымат берди

© Sputnik / Расул Усеналиев
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
37510

Өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлү Аманбай Кайыпов инвесторлорго, чет элдик элчилерге өзгөчө кайрылуусун айтты.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Борбор калаада Нарын облусунун инвестициялык деңгээлин көрсөткөн жана чет элдик кызыккан тараптарды чакырган "Теңир-Тоо" деп аталган кызматташуу боюнча эл аралык форум өттү. Анда облуста кайсы тармактарга инвестиция салса болору тууралуу кенен маалыматтар берилди.

Жыйынга чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери, дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү чакырылган. Өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлү Аманбай Кайыпов инвесторлорго, чет элдик элчилерге өзгөчө кайрылуусун айтты.

  • Борбор калаада Нарын облусунун инвестициялык деңгээлин көрсөткөн жана чет элдик кызыккан тараптарды чакырган "Теңир-Тоо" деп аталган кызматташуу боюнча эл аралык форум өттү
    © Sputnik / Расул Усеналиев
  • Анда облуста кайсы тармактарга инвестиция салса болору тууралуу кенен маалыматтар берилди.
    © Sputnik / Расул Усеналиев
1 / 2
© Sputnik / Расул Усеналиев
Борбор калаада Нарын облусунун инвестициялык деңгээлин көрсөткөн жана чет элдик кызыккан тараптарды чакырган "Теңир-Тоо" деп аталган кызматташуу боюнча эл аралык форум өттү

Форум Нарын облусунун экономикасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор менен инвесторлорго, ишкерлерге жагымдуу шарт түзүүчү аянтча болушу керектигин белгиледи.

Кайыпов иш-чарага келген элчилерге ыраазылык билдирди. Аларды өз мамлекеттериндеги ийгиликтүү тажрыйбалар менен бөлүшүп, майнаптуу долбоорлорду теңиртоолуктарга көрсөтүп, жергиликтүү бийлик менен биргеликте иш алып барууга чакырды.

"Урматтуу элчилер, сиздердин өлкө менен Кыргызстандын соода-экономикалык алакасы Нарын регионундай аймактар менен кызматташуу аркылуу жүргүзүлөрүнө ишеним артабыз", — деди ал.

Жыйынга катышкан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Нарын облусунда ишке ашырыла турчу айрым экономикалык долбоорлорго токтолду. Алардын ичинде логистикалык борбор салуу, эт комбинатын куруу жана көмүр брикеттерин чыгаруучу ишкана ачуу бар.

"Логистикалык борборлор аркылуу товарды Кытай мамлекетине киргизүүгө чоң шарт бар. Экинчи чоң долбоор — эт комбинаты. Нарын дубаны эт продукциясына бай аймак болгондуктан, былтыр 54 миң тонна товар сатылган. Бул кайра иштетилбей натуралдык түрдө сатылганы. Биз экологиялык таза этти кайра иштетип сата турган болсок, бир эле Нарынга эмес, Кыргызстанга эбегейсиз пайда келмек", — деди Аскаров.

Вице-премьер облуста ошондой эле кубаттуулугу 2,4 мегаВатт энергия берүүчү энергетикалык долбоор да өкмөттүн келечектеги пландарына киргизилгенин кошумчалады.

Облусту өнүктүрүүдө өнөр жай, айыл чарбасы, кайра иштетүү жана энергетика тармагы негизги багыттардан болуп эсептелет.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын маалымат катчысы Майрамбек Өмүрбаевдин айтымында, кызматташуу форумуна 37 мамлекеттен өкүлдөр келди. Алардын ичинде элчи жана эл аралык уюмдар да бар.

Тема боюнча

Нарын шаарында февралда сүттү кайра иштетүүчү завод пайдаланууга берилет
Баясов: инвесторлордун келиши менен Кыргызстан өнүгөт
Белгилер:
көмүр, эт, элчилер, форум, инвестициялар, Нарын

ЭҢ МААНИЛҮҮ