Бирдиктүү декларация кантип толтурулат. Салык кызматы көрсөтүп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековСдача Единой налоговой декларации в КР
Сдача Единой налоговой декларации в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бирдиктүү декларацияны тапшырууга эки жуманын тегерегиндеги убакыт калды. Аны кимдер жана кантип толтура тургандыгын эске салабыз.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 1-апрелде Бирдиктүү декларация тапшыруу аяктайт.

Кампаниянын өзү февралда башталган. 1-мартка чейин жергиликтүү ишканалар, дыйкан чарбалары жана Кыргызстанда иштеп жаткан чет элдик уюмдар тапшырган.

Руководитель отдела декларации ГНС Мукай Нусупбеков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Нусупбеков: декларацияны убагында тапшырбагандарга айып салынат
Ал эми 1-марттан тарта жеке тараптар былтыр тапкан кирешеси, экономикалык ишмердүүлүгү, мүлкү, жер тилкелери боюнча маалымат тапшырышы зарыл.

Белгиленген мөөнөткө чейин аны юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердигин жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар, мамлекеттик, муниципалдык кызматтар, жеке ишкерлер, патенттин негизинде салык төлөгөндөр, автоунаасы, батири, үйү жана жер тилкеси барлар тапшырат.

Декларацияны жашы жеткендер гана эмес, эгерде мурас калтырылса, анда балдары да тапшырат.

Салык боюнча мамлекеттик кызматтын сайтында Бирдиктүү салык декларациясын толтуруунун үлгүсү жайгаштырылган

Ал эми төмөндө ар бир категория боюнча маалыматтар жайгаштырылган.

Жеке тараптар төмөнкү шилтеме менен кирип көрө алат. Андан сырткары, түшүндүрмөсү да жазылган.

Ал эми жашы жете электер үчүн толтура турган декларациянын үлгүсү 14 жаш чамасындагы өспүрүмдүн мисалы менен берилген.

Студенттер үчүн декларация жана анын болжол менен 3000 сом стипендия ала турган адамдын мисалындагы түшүндүрмөсү менен жайгаштырылган;

Мугалимдин декларациясы жана Нарын аймагында жашаган педагогдун мисалында берилген;

Пенсионердин декларациясы Балыкчыда жашаган улгайган аялдын мисалында берилген.

Ишкана-уюмдардын декларациясын толтуруу шарттуу ЖЧКнын мисалында айтылган.

Патент менен иштеген жеке ишкерлердин декларациясынын үлгүсү да көрсөтүлгөн.

Жеке ишкердин декларациясынын үлгүсү (патенттик негизде эмес) шарттуу түрдө иштеген бизнесмендин мисалында берилген; 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагылардын декларациясынын үлгүсү салык кызматында иштеген адамдын мисалы менен түшүндүрүп берилген.

Ал эми эсептен чыгарып, кармап алууларга укук берүү үчүн арыз жазуунун үлгүсү бул жерде жайгашкан

Жаңылыктар түрмөгү
0