Улуттук банктын валюта резерви күн сайын жүз миңдеген долларга өсүүдө

© REUTERS / Ilya NaymushinЗавод цветных металлов "Красцветмет" в Красноярске
Завод цветных металлов Красцветмет в Красноярске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын эл аралык резервинде алтын, доллар, япон йени, ал тургай норвегиялык крона да бар.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Февраль айынын ичинде Кыргызстандын алтын валюта резерви 10 миллион долларга өстү. Бул тууралуу мекеменин маалыматында айтылат.

Обмен валюты в Карачи - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк 2018-жылы 155 млн. доллар короткон. Резерв канчага азайды
Ушул айда Улуттук банк сомдун курсун турукташтыруу үчүн бир да ирет валюта рыногуна чыккан эмес.

Январдын соңунда запас 2 миллард 170 миллион 440 миң доллларга бааланган. Бир айдан соң 2 миллиард 180 миллион 490 миң долларга жетти.

Кыргызстандын эл аралык резерви валютанын 10 түрүнөн жана алтындан турат. Алар эл аралык эсептешүүдө, дефицитти жабууда жана улуттук валютанын курсун турукташтырууда колдонулат.

Улуттук банктын резервинде дагы кандай валюталар бар экенин Sputnik даярдаган материалдан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0