Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Ысык-Көлдө таштандыны кайра иштетүүчү завод ачуу пландалып жатат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРабота завода по переработке пластмасс "Пларус"
Работа завода по переработке пластмасс Пларус - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Завод куруу боюнча буга чейин үч ирет тендер жарыяланып, бирок бир дагы каалоочу болгон эмес.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда таштандыны кайра иштетүүчү завод ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн терегек столдо билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы бул максатта үч ирет сынак жарыяланган.

"Долбоорго 5 миллион сом бөлүнгөн. Бирок техникалык-экономикалык негиздеме берүү боюнча адис жок болгондуктан, тендерге заявка берилген эмес. Анын үстүнө беш миллион сом жетишсиз, учурда чет элдик инвестор изделип жатат. Таштанды маселеси Корумдудан Тору-Айгырга чейин өтө актуалдуу", — деди Иманалиев.

Ушул эле ич-чарада Кыргызстандын аймагында 500гө жакын ишкана таштанды чогултуу, кайра иштетүү боюнча мыйзамсыз иш алып барары белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0