Салык төлөөнү унутпаңыз. Жеке тараптардын 1-апрелге чейин убактысы бар

© Sputnik / Жоомарт УраимовСдача ЕНД в Кыргызстане
Сдача ЕНД в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28-февралда юридикалык жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктады.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампаниянын экинчи этабы башталгандыгы тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлайт.

Буга ылайык, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер, жер тилкелери, мүлк объектилери, экономикалык ишмердиги тууралуу салык органдарына отчет берүүсү керек.

"Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу, кыймылсыз мүлкү, жер участогу бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп ишкерлик баштаган дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү", — дека айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 28-февралда юридикалык жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0