Бүркүттүн элесин берген стадион. Кыргызстандык архитектордун эскиздери

© Фото / Якутбек КубанычбековПроект стадиона в Бишкеке в виде беркута
Проект стадиона в Бишкеке в виде беркута - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоор ишке ашса, арена 30 миң кишини батырат.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстанда бүркүттүн элесин чагылдырган футбол стадионунун эскиздери сунушталды.

Долбоордун автору 28 жаштагы архитектор Якутбек Кубанычбеков. Анын айтымында, бул дипломдук ишин студент кезинде аткарган.

"Эскизди окуу жайдан бирөө таап алгандыр, бирок автору менмин", — деди ал.

Аренага 30 миң киши сыят. Азырынча баасы эсептеле элек.

© Фото / Якутбек КубанычбековКыргызстанда бүркүттүн элесин чагылдырган футбол стадионунун эскиздери сунушталды.
Кыргызстанда бүркүттүн элесин чагылдырган футбол стадионунун эскиздери сунушталды. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргызстанда бүркүттүн элесин чагылдырган футбол стадионунун эскиздери сунушталды.
© Фото / Якутбек КубанычбековДолбоордун автору 28 жаштагы архитектор Якутбек Кубанычбеков. Анын айтымында, бул дипломдук ишин студент кезинде аткарган.
Долбоордун автору 28 жаштагы архитектор Якутбек Кубанычбеков. Анын айтымында, бул дипломдук ишин студент кезинде аткарган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Долбоордун автору 28 жаштагы архитектор Якутбек Кубанычбеков. Анын айтымында, бул дипломдук ишин студент кезинде аткарган.
1/2
Кыргызстанда бүркүттүн элесин чагылдырган футбол стадионунун эскиздери сунушталды.
2/2
Долбоордун автору 28 жаштагы архитектор Якутбек Кубанычбеков. Анын айтымында, бул дипломдук ишин студент кезинде аткарган.

Кубанычбеков үч жыл мурун стадионду Түштүк магистраль менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишинен алыс эмес жерге салууну пландаган.

Загрязнение воздуха в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте стадион курууга беш компания кызыкдар
Учурда архитектор курулуш компаниялардын биринде иштейт.

Эскерте кетсек, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Кыргызстандын курама командасынын БАЭде өткөн Азия биринчилигиндеги ийгилигинен кийин эл аралык талапка жооп берген стадион курууга инвестор издей турганын маалымдаган. Жалпы жонунан беш эскиздин түшкөнү айтылды.

Кубанычбековдукуна чейин дагы бир архитектор Рахатбек Байталиев сырткы көрүнүшүндө Кыргызстан желегинин элементтерин камтыган стадиондун эскизин сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0