Быйыл кыргызстандыктардын акчасы миллиарддап азая түштү

Жазылуу
1-январда жүгүртүүдөгү каражат рекорддук көрсөткүчкө жеткени байкалган.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Январь айынын жыйынтыгы боюнча кыргызстандыктардын жүгүртүүдөгү каражатынын көлөмү 5,8 миллиардга азайды. Бул туурасында Улуттук банктын ачык маалыматтарында айтылат.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Былтыр Кыргызстандан болуп көрбөгөндөй акча сыртка кеткен
Жүгүртүүдөгү акча — бул насыялык уюмдардын кассаларында калган каражаттарды эске алуу менен эсептелген элдин акчасы. Кеп улуттук валюта туурасында гана болуп жатат.

1-январга карата жүгүртүүдөгү каражат 93 миллиард 566,1 миллион сомду түзгөн. Бул рекорддук көрсөткүч.

Ал эми 1-февралда жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү 87 миллиард 754 миллион сомду түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0