"Коопсуз шаардан" түшкөн айып пулдан кайсы мекемеге канчадан тиет? Тизме

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев посетил Центр мониторинга ГУОБДД МВД КР
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев посетил Центр мониторинга ГУОБДД МВД КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн айып пулдун суммасын белгилөө жана пайдалануу тартиби бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аппараттык-программалык комплекси (АПК) аркылуу аныкталган жол эрежелерин бузуулар үчүн айып пулдарды топтоо боюнча администрациялануучу эсеби ачылды. Ага каражат жол эрежелерин бузуулар үчүн төлөнгөн айып пулдардан келип түшөт. Түшкөн каражатты каттоо автоматтык режимде "Коопсуз шаар" маалыматтык тутуму аркылуу ишке ашырылат", — деп жазылат маалыматта.

Каржы министрлиги түшкөн акчаны төмөнкүлөргө биринчи кезекте бөлөт:

— сынактын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн келишимге ылайык, жалданма компаниялар менен төлөнгөн айып пулдар үчүн эсептешүүгө Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине, ошондой эле техникалык операторлорго техникалык коштоо жана "Коопсуз шаар" автоматташтырылган маалыматтык тутумунун колдоосу үчүн;

— ИИМ ЖКККББнын токтомдорун унаа каражаттарынын ээлерине жеткирүү үчүн почта кызматтарына;

Жогоруда белгиленген каражат бөлүштүрүлгөндөн кийин калган айып пулдун суммасы төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

Жол тыгыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясы тыгындан арылуу үчүн өзгөчө сунуш киргизди
— 5 пайызы — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, маалыматтарды иштеп чыгуу резервдик борборун түзүү, жаңылоо жана камсыз кылууга;

— 15 пайызы — ИИМ ЖКККББга Мониторинг борборун күнүмдүк камсыз кылуу жана башкаруу процесстерин өркүндөтүү, жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айып пулдарды жыйноону жакшыртуу жана АПК аркылуу аныкталган унаа каражаттарын колдонуу үчүн.

Андан соң акча жол инфраструктурасынын элементтерин тийиштүү абалга келтирүүгө байланыштуу чыгымдар үчүн унаа жолдорунун балансын кармоочулар ортосунда бөлүштүрүлөт:

— 25 пайызы — өз алдынча башкаруу органдарына;

— 5 пайызы — Транспорт жана жолдор министрлигине.

Түшкөн каражаттардын, анын ичинде көчмө АПК менен аныктоодон жыйналган каражаттардын калдыгы өлкөнүн бюджет жөнүндө мыйзамында тиешелүү жылга карата белгиленген жана өкмөттүн "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу чечимине ылайык бөлүштүрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0