Кыргызстандагы ири мамлекеттик ишкана интернет жарнамага 12 миллион сом сарптайт

© Sputnik / Табылды КадырбековMegaCom бренди менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясынын сайты. Архив
MegaCom бренди менен таанымал Альфа Телеком компаниясынын сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
интернет айдыңындагы жарнамага тендер жарыялады.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. MegaCom бренди менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясы жарнамага 12 миллион сомдой каражат сарптоону пландап жатат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалат.

Билдирүүгө ылайык, 15-февралда аталган мамлекеттик ишкана интернет айдыңындагы жарнамага 11 миллион 999 миң 769 сомго тендер жарыялады.

Бул каражаттар контексттик жана таргетингдик жарнамаларды жайгаштырууга жумшалат.

Анын мөөнөтү 11-мартта жыйынтыкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0