TBEA компаниясына артыкчылык берүүдөн мамлекетке канча зыян келгени айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековРаботы по строительству химцеха в ТЭЦ Бишкека
Работы по строительству химцеха в ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокурор КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Сапар Исаков бардыгын көзөмөлдөп турганын белгиледи.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бишкек ТЭЦинде 386 миллион долларлык долбоорду ишке ашырууда Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы TBEA компаниясына негизсиз артыкчылыктар берилгени боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал өз маалыматында тергөөнүн жүрүшүндө мамлекетке 5 миллиард 439 миллион 527 миң 482 сом же 111 миллион 252 миң 797 АКШ доллар көлөмүндө зыян келгенин белгиледи.

Жамшитовдун айтымында, TBEA компаниясы менен келишим EPC форматында түзүлгөн, башкача айтканда, кыргыз тарап курулуш материалдарын, жабдууларды сатып алууда көзөмөлдөө укугунан ажыратылган.

"Бардык курулушутар негизсиз кымбат алынган. Мисалы, 22 миллон долларлык эки турбина 25 миллион доллардан деп орнотулган", — деди башкы прокурор.

Ал ошондой эле ТЭЦке орнотулган жабдуулардын дээрлик бардыгы өз баасынан кымбат бааланып эсептелгенин, натыйжада жасалган иштерди жана алынган жабдуулардын наркын баштапкы 386 миллион долларга жеткирүү үчүн баалар негизсиз жогорулатылганын айтты.

"Тергөөнүн жыйынтыгы менен КР президент аппаратынын жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Исаков кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап, өкмөттүн укуктарын өзүнө алып, подрядчыны тандоо, келишимдин баасын бекитүү жана ага кол коюу маселелерин түздөн-түз чечип, аны уюштурганы далилденди. Анын негизинде Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүмү жана 303-берененин 2-бөлүмү("Коррупцияны уюштуруп башкаруу") боюнча кылмыш иштери козголду", — деди ал.

Жамшитов андан башка айыпталып жаткандарга да кандай айыптар коюлганына токтолду.

Премьер-министр Сапар Исаков экстренно посетил ТЭЦ города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Сапар Исаков ТЭЦти оңдоодо мамлекетке 111 млн. доллар чыгым келтирген
Мурдагы премьер Сатыбалдиевге, мурдагы энергитика жана өнөр жай министри, депутат Осмонбек Артыкбаевге, анын мурдагы орун басары Айбек Калиевге, "Электр станциялары" ААКтын мурдагы башкы директору Салайдин Авазовго, анын орун басары Жолдошбек Назаровго, "Электр станциялары" ААКтын аткаруучу директору, модернизациялоо тобунун башчысы Темирлан Бримкуловго КР Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 3-бөлүмү жана 303-берененин 2-бөлүмү ("Коррупцияны аткарууда шериктештик кылуу") боюнча, ал эми мурдагы финансы министри Ольга Лавровага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү менен айыптары угузулуп, бөгөт коюу чаралары тандалган.

Андан сырткары, келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн айыпкерлерге таандык болгон 413 миллион 885 миң 392 сомдук кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүнө камак коюлган.

2018-жылдын 26-январында кечки саат 18:00дө Бишкек ТЭЦинин эски буу казандарына суу берген куур иштен чыгып, кубаттуулугу 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылган болчу. Мындай мүчүлүштүккө кыргыз коомчулугу катуу нааразылыгын билдирген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече аткаминер сурак берип, камакка алынган. Жакында эле тергөө иштери аяктап, бардык материалдар сотко өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0