Чек арада жок болгон 50 млрд. доллар. КР менен Кытай бажыларынын эки ача сандары

© Sputnik / Табылды КадырбековСитуация на КПП "Ак-Тилек" на кыргызско-казахской границе
Ситуация на КПП Ак-Тилек на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан Кытайдын импортунун мүмкүнчүлүгүн анча баалабагандай. Ал эми коңшу мамлекеттер товар агымы бир топ эле экенин Кытай тараптын маалыматын мисалга келтиришет. Редакция мунун чоо-жайын билиш үчүн Бажы кызматына кайрылды.

Кыргызстан менен Кытайдын импорт боюнча маалыматтарында байкалаарлык айырма чыккан. Бул туурасында Эл аралык соода борборунун (ITC) маалыматтарында айтылат.

Бул — Бириккен улуттар уюмунун соода, аны өнүктүрүү боюнча конференциясы жана дүйнөлүк соода уюмдарынын техникалык кызматташуу боюнча агенттиги. Уюмдун сайтынан ар бир өлкөнүн бажы боюнча маалыматтарын салыштырууга болот.

50 миллиарддык айырма

ITC жазган маалыматтарга таянсак, акыркы 20 жылда Кыргызстан менен Кытайдын импорт боюнча бажылык отчетторунда көлөмдүү эле айырма бар. 

2001-2017-жылдары Кытайдын Кыргызстанга экспорту
Чек арада жок болгон 50 млрд. доллар. КР менен Кытай бажыларынын эки ача сандары - Sputnik Кыргызстан
2001-2017-жылдары Кытайдын Кыргызстанга экспорту

Кыргызстандын Бажы кызматы 2001-2017-жылдар аралыгында Кытайдан келген 11,64 миллиард долларлык товарды каттаган. Ал эми кошуна өлкө Кыргызстанга 61,7 миллиард доллар жөнөткөнүн жазган. Эгерде бул сандарга ишенсек, "такталбаган" дагы 50 миллиард доллар калууда. 

2001-2017-жылдары Кытай импортунун жалпы көлөмү
Чек арада жок болгон 50 млрд. доллар. КР менен Кытай бажыларынын эки ача сандары - Sputnik Кыргызстан
2001-2017-жылдары Кытай импортунун жалпы көлөмү

ICT берген маалыматтарды текшерүү үчүн Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы берген сандарды карай келгенде, статистика бирдей болуп чыкты. 

ITC менен КР Бажы кызматынын маалыматын салыштыруу
Чек арада жок болгон 50 млрд. доллар. КР менен Кытай бажыларынын эки ача сандары - Sputnik Кыргызстан
ITC менен КР Бажы кызматынын маалыматын салыштыруу

Казакстандын анализи

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар алмашуу боюнча маалыматтардын асман менен жердей айырмасы бар экендигин кошуна Казакстан айтып чыккан эле. 2017-жылы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунда казак премьери Бакытжан Сагинтаев "көмүскөдөгү импорт" маселесине кайрылган. Бул билдирүү 25-октябрда кыргыз-казак мамилелеринин чыңалып турган учуруна туура келген.

"Кытайдын тышкы соода боюнча статистикасына таянсак, 2015-жылкы экспорт 4,3 миллиард болсо, Кыргызстандын импорту 1 милилард долларды түзгөн. Орто жолдо 3,3 миллиард доллар калып жатат. Кийинки 2016-жылы Кытайдын Кыргызстанга жасаган экспортунун көлөмү 5,6 миллиард долларга чыкса, Кыргызстандын маалыматы боюнча 1,5 миллион долларлык товар импорттолгон. Ортодо 4,1 миллиард доллар кайда кетип жатканын көрүп жатасыздарбы?" — деген Сагинтаев.

Бул сандар ICT маалыматы менен туура келип жатат.

Миллиарддаган долларлык айырма эмнеден чыгып жатат?

Бажы боюнча мамлекеттик кызматтан маселе товардын катталышында экендигин айтышты. Алар Кыргызстан Кытай үчүн транзиттик өлкө экендигин, сөз биздин аймакка келип түшкөн товарлар жаатында жүрүп жаткандыгын билдиришти.

"Көп учурларда товардын барып түшө турган акыркы чекити катары Кыргызстанды көрсөтүп коюшат. Биз Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан жана Түркмөнстанга кете турган товарларга транзит болобуз. Кытай статистиканы товардын кеткен багыты деген принцип менен жасайт. Тактап айтканда, Кыргызстандын аймагы аркылуу транзит болуп кеткен товарлар экспорт катары катталат", — дешти Бажы кызматынан.

Первая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: Матраимовдун мал-мүлкү текшерилет
Маалыматтардын айырмаланып калышынын дагы бир себеби — көлөмдү эсепке алуудагы ыкмалардын ар башка болгондугу. Эгерде Кыргызстанда негизги бирдик килограмм болсо, Кытайда метр, бир даанасы жана башка дагы ушундай жолдор менен эсептелиши мүмкүн. Бажы кызматынан эсеп-чотко ала турган бирдиктер өзгөрүлмөлүү болгондуктан, бул товардын баасын аныктоодо убаракерчилик жаратарын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0