Кыргызстанда 2018-жыл үчүн декларация кабыл алына баштады

© Sputnik / Жоомарт УраимовСалык декларациясы. Архив
Салык декларациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бирдиктүү салык декларациясын жеке жана юридикалык жактар тапшыра алат.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кыргызстанда Бирдиктүү салык декларациясын (БДС) кабыл алуу кампаниялары өтүп жатканын Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
6 млрд. сом түшкөн эмес! Өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин планы толбой калды
Юридикалык жана жеке тараптар салык органдарына былтыркы жылдагы кирешелери тууралуу маалымат бериши керек. Ошондой эле экономикалык ишмердүүлүгү, мүлк объектилери жана жер тилкелери тууралуу кабардар кылуусу зарыл

1-мартка чейин БСДны атамекендик уюмдар, дыйкан жана ферма чарбалары, ошондой эле Кыргызстанда эмгектенген чет элдик уюмдар тапшырышы керек.

1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, патент менен иштегендер, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү, жер тилкеси бар жеке ишкерлер, ошондой эле юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбаларына ээлик кылгандар маалымат бериши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0