Мамлекеттик ипотека берилбей калдыбы? Уюмдун жообу

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүПогода в Москве
Погода в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окурмандар менен социалдык тармактын колдонуучулары жыл башынан бери мамлекеттик ипотека ала албай жаткандыктарын айтып арызданышууда.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Жыл башынан бери Мамлекеттик ипотека программасынын алкагында берилип жаткан насыянын көлөмү төмөндөдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКcынын төрагасы Бакытбек Шамкеев билдирди.

Окурмандар болсо насыя берилбей жатканын айтып арызданышкан.

"Насыялар жүгүртүүдөгү акчалардын эсебинен, тагыраагы, мурда насыя алган адамдар төккөн каражаттын негизинде берилет. Өткөн жумада өнөктөш банктар менен сүйлөштүк. Алар бюджеттик ссудалар түшкөнчө өздөрүнүн каражатынан насыя берип турушат. Бирок массалык негизде эмес", — деди Шамкеев.

Курулуп жаткан турак үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотека бюджеттен айлык албагандарга качан берилет?
Анын айтымына караганда, дагы бир себептердин бири - бюджеттик каражаттын түшө электиги. Быйыл Мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 миллион сом берилиши керек болчу. Бул үчүн өкмөттүн токтому керек. Шамкеев документке февралдын аягында кол коюлушу мүмкүн деп болжоду.

Мамлекеттик ипотекалык насыянын максималдуу көлөмү — 3 миллион сом. Коюмдар алгачкы төлөмдү (10-30 пайыз) эске алуу менен 7-11 пайызды түзөт. Төлөп бүтүү мөөнөтү — 15 жылга чейин.

Жаңылыктар түрмөгү
0